Ырчы, аткаруучу жана комузчулардын сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Ырчы, аткаруучу жана комузчулардын сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бүгүн, 1-декабрда Кыргыз Улуттук филармониясында табигый талант ээлери, эбегейсиз зор эмгектери менен элдин эсинде калган эл шайырлары Атай Огонбаев, Муса Баетов, Шекербек Шеркулов жана Калмурат Нурдөөлөт уулунун 120 жылдык мааракелерине арналган ырчы- аткаруучулар, комузчулар арасында өткөрүлгөн республикалык кароо-сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага кыргыз маданият министри Алтынбек Максутов, эл артисттери Түгөлбай Казаков, Сардарбек Жумалиев баштаган маданият ишмерлери катышып, жеңүүчүлөргө сыйлык тапшырышты.

Министр Алтынбек Максутов сыйлык ээлерин жеңиши менен куттуктап, өлкө эгемендик алгандан бери алгачкы ирет быйыл мамлекет тарабынан чыгармачылык союздарды колдоого 65 миллион сом бөлүнгөнүн, анын ичинде театр ишмерлери союзуна 10 миллион сом бөлүнүп берилгенин, ошол бөлүнгөн каражаттардын негизинде жыл ичинде бир нече кароо-сынактар өткөрүлгөнүн, анын бири дал ушул ырчы-аткаруучулар, комузчулар арасындагы кароо-сынак экенин белгиледи.

Сыйлык ээлерин жеңиши менен куттуктаган министр: «Атай, Муса, Шекербек, Калмурат аталарыбыздын керемет күүлөрү жана чыгармалары түбөлүк жаңырып, муундан муунга өтүп, улуу журттун рух дүйнөсүн ааламга жар салып, кыргыз уул-кыздары доордон-доорго, кылымдан-кылымга үч кыл комузда кол ойнотуп, кермет чыгармалар аткарыла берет терең ишенем», — деп билдирди.

Белгилей кетсек, сынак 40 жашка чейинкилер, 40 жаштан 60 жана 60 жаштан жогорку жаштагылар арасында өткөрүлгөн.

Сынактын максаты Атай Огонбаев, Муса Баетов, Шекербек Шеркулов жана Калмурат Нурдөөлөт уулу сыяктуу залкарлардын калтырган баа жеткис маданий мурастарын, өнөр баалуулуктарын келечек муунга өткөрүп берип, аларды аздектеп, таанытуу, талдоо жана жайылтуу саналат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>