Кытай Кыргызстандын ишкерлерине виза берүүнү жеңилдетүүгө даяр

Кытай Кыргызстандын ишкерлерине виза берүүнү жеңилдетүүгө даяр

Кытай Кыргызстандын айрым ишкерлерине виза берүүнү жеңилдетүүгө даяр. Бул тууралуу 30-ноябрда Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариевдин Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушуусунда белгилүү болду.

Соода-өнөр жай палатасынын маалыматына караганда, тараптар соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү маселелерин талкуулашты жана буга байланыштуу алар ишкерлерге виза алуу иштерин активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси ушул жылдын 17-декабрынан баштап Кытай тарап виза берүү режимин өзгөртүп жатканын жана азыркы нормаларды сактай турганын билдирди.

“Ошол эле учурда Соода-өнөр жай палатасына мүчө болгон ишкерлер Соода-өнөр жай палатасы аркылуу элчилик менен байланыша алышат жана эгерде колдорунда Соода-өнөр жай палатасынын чакыруусу жана каты болсо алардын маселелери биринчи кезекте чечилет”, — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>