Минкаб көмүрдү унаа менен ташууга чектөөнү сактоону сунуштады

02.11.2026 | 13:20
Минкаб көмүрдү унаа менен ташууга чектөөнү сактоону сунуштады — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда автотранспорт менен көмүр ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу сунушталууда. Минкабдын «Көмүр ташуунун айрым маселелери жөнүндө» тийиштүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

Токтом долбоору көмүрдү автоунаа менен ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө тыюу салууну карайт. Ошол эле учурда өзгөчөлүктөр каралган:

  • Чектөө көмүрдү «Эркечтам» жана «Торугарт» автожол өткөрүү пункттары аркылуу ташып чыгууда колдонулбайт.
  • «Кыргызкөмүр» ААКсы Кыргызстандын мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттары аркылуу көмүрдү автоунаа менен экспорттой алат.

Ошентип, сунушталып жаткан тыюу салуу көмүрдүн бардык экспорттук жеткирүүлөрүнө тиешелүү болбойт.

Негиздеме-маалымкатта белгиленгендей, чектөөлөрдү киргизүү зарылдыгы Борбор Азия өлкөлөрүндө көмүрдү пайдалануунун өсүшү менен байланыштуу. Бийлик ички рынокту жетиштүү көлөмдөгү отун менен камсыздоону, күз-кыш мезгилинде анын тартыштыгына жол бербөөнү жана баанын өсүшүн ооздуктоону көздөөдө.

Демилгечилер мындай чаралар Кыргызстанда буга чейин да колдонулганын белгилешет.

Алардын баамында, 2026-жылы киргизилген чектөөлөр көмүрдүн тартыштыгын, анын ичинде отундун башка түрлөрүн колдонуу мүмкүнчүлүгү чектелген аймактарда тартыштыктын алдын алууга көмөктөшкөн. Мындан тышкары, бул чаралар баанын кескин көтөрүлүшүн токтотууга жана калкты социалдык баада көмүр менен камсыздоого мүмкүндүк берди.

Документте ошондой эле «Кыргызкөмүр» ААКсы аркылуу көмүр экспорттоонун жыйынтыктары да келтирилген. 2026-жылдын январынан 20-октябрына чейин компания автоунаа менен 3 миллиард сомдон ашык суммага 539 миң тоннага жакын көмүр ташып чыккан. Таза пайда 126,5 миллион сомго жакынды түзгөн.

Иштеп чыгуучулардын пикиринде, экспортту мамлекеттик жөнгө салуу ички рынокту отун менен камсыздоого гана эмес, ташылып чыгып жаткан көмүрдүн көлөмүнө жана наркына көзөмөлдү күчөтүүгө, контрабандага бөгөт коюуга, ошондой эле бюджетке салыктар менен бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыздоого шарт түзөт.

Анара Мамытова

Scroll to Top