Базар-Коргондо жаңы мектеп ачылды

Базар-Коргондо жаңы мектеп ачылды

Бүгүн Базар-Коргон районунун Бешик-Жоон айыл аймагынын Жоон айылындагы № 42 К. Сооронбаев атындагы мектебинин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев катышты.

Билим берүү министринин орун басары Муратбек Касымалиев мектептин ачылышында компьютердик жабдуулардын 5 комплектин тапшырды.

225 орундуу жаңы имаратта сапаттуу билим алуу үчүн бардык шарттар каралган. Класстык кабинеттерден сырткары чет тили, биология, физика, химия кабиенттери жана атайын лабораториялар каралган. Концерттик зал, китепкана, ашкана, дарыгердин бөлмөсү, кол эмгек кабинеттери, спорттук зал, окуучулар үчүн дене-тарбия сабагынан кийин кийим алмаштыруучу жайлар жана душ кабиналары каралган.

Мектеп заманбап жабдуулар жана эмеректер менен толук камсыздалган. Мектептин курулушу 2018-жылы мамлекеттик бюджеттин эсебинен башталган. Жалпы аянты 1655,9 чарчы метрди түзөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>