“Ысык-Көл” аэропортунун жаңы имаратынын курулушу башталды

“Ысык-Көл” аэропортунун жаңы имаратынын курулушу башталды

Президент Садыр Жапаров бүгүн “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунун жаңы аэробекетинин имаратынын курулушунун башталышына мезгил кутусун салып, ага старт берди.

Долбоорго ылайык, аэробекет ABC Tу-154, Tу-204, Boeing 737, Boeing 757, Airbus A319, A320, A321, BAE 146-200, Embraer E170/E175 жана алардын аналогдору менен келген жүргүнчүлөрдү тейлөөгө ылайыкталган. Жаңы аэробекеттин 3 кабаттуу имаратынын аянты 18 424,5 м2 түзүп, ал саатына 450 жүргүнчүнү тейлейт. Учурда өткөрүү жөндөмдүүлүгү 100 адамды түзөт.

Жаңы комплекстин биринчи кабатында жүргүнчүлөрдү кабыл алуу залы, бажы жана паспорттук контролдоо аймагы, келген жүргүнчүлөрдү кабыл алуу залдары, багаж берүү залы, VIP/CIP каттоо, учуп келүү жана учуу зонасы, экинчи кабатында бажы жана паспорттук контролдоо аймагы, жүргүнчүлөрдү жөнөтүү залдар, техникалык бөлмөлөр, кызматтык жайлар, кафетерий, алымсыз дүкөндөр, ал эми үчүнчү кабатында жөнөп кетүү зоналар, административдик жайлар ж.б. жайгашат, деп күтүлүүдө.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасында өлкөбүздүн инфратүзүмүн модернизациялоого өзгөчө көңүл бурулганын белгиледи. Анын ичиндеги транспорттук-логистикалык тармак маанилүү багыттардан болуп саналат.

Садыр Жапаров республика аймагындагы жолдорду, көпүрөлөрдү, аэропортторду куруу сыяктуу инфратүзүмдүк долбоорлор экономиканын өндүрүмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөрүнө басым жасады. Мындай долбоорлордун ийгиликтүү ишке ашырылышы, калган орчундуу тармактардын өнүгүшүнө түрткү болот, алардын ийгиликтүү иштеп кетишине жол ачылат.

Президент бүгүн өлкөнү өнүктүрүү боюнча кезектеги маанилүү долбоор – “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунун жаңы аэробекетинин курулушу башталганын баса белгиледи. Жаңы аэробекет аба каттамдары менен жүргүнчүлөрдүн санынын көбөйүшүнө байланыштуу, Кыргызстанга, анын ичинде Ысык-Көлгө келип-кеткен жүргүнчүлөр менен меймандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында курулганы турат.

Мамлекет башчысы аэробекеттин жаңы имаратынын курулушун каржылоо маселеси, туура жолго салынган башкаруунун натыйжасында “Манас” эл аралык аэропортунун өздүк каражатынын эсебинен ишке ашырылып жатканын баса белгилей кетти.

“Аба каттамдарын, жүк ташууларды уюштуруу тутумунда аэробекеттин ролу өтө чоң. Аба каттамдары аркылуу дүйнө жүзү менен байланыштарыбызды арттырып, ички коммуникацияны күчөтүүгө түрткү берет. Жарандык авиациянын негизи катары аэробекеттер өлкөнүн транспорттук инфратүзүмүн өркүндөтүүнүн ажырагыс бөлүгү катары кызмат кылат. Мындан сырткары, ушул сыяктуу долбоорлор туризмди алдыга жылдырууга кыйла таасир этет”, — деди Садыр Жапаров.

Кыргыз меймандостугу жөнүндө айтып жатып, Президент Кыргызстанга аба транспорту менен келген коноктор үчүн өлкөнүн аба дарбазасы катары кабылданган аэропорттордун ролун белгиледи.

““Эшигин көрүп, төрүнө өт” дегендей, аэробекеттер жайгашкан аймагынын эле эмес, бүтүндөй мамлекетибиздин жүзү катары каралышы зарыл. Аэропорттор аркылуу меймандар бүткүл Кыргызстандын кооздугу менен меймандостугун сезе алышат”, — деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы учурда Казармандагы, Таластагы, Кербендеги аэропорттор курулуп, модернизацияланып жатканын жана күзүндө ишке бериле турганын эске салды. Мындан тышкары, Жалал-Абад шаарында жаңы аэропорт курулат, эскиси башка социалдык максаттарга багытталат.

Садыр Жапаров, ага түшкөн маалымат боюнча, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы аэропорт 2000-жылдары эле облустук жергиликтүү мамлекеттик администрациянын балансына мыйзамсыз өткөрүлүп берилгенин билдирди. Буга байланыштуу «Манас» эл аралык аэропортунун жетекчилигине тез арада аталган объектини өз балансына кайтаруу маселесин чечүү тапшырылды.

«Эгерде бул объекттин ордуна бир нерсе курулса, тургузулса, анда баарын бузууну тапшырам. Силер бул объектти ошол жылдардагы калыбында кайтарып алышыңар керек», — деп тапшырма берди Президент.

Мамлекет башчысы 30 жыл аралыгында мамлекеттик менчикте турган ар кандай стратегиялык объектилер жеке колдорго ар кандай максаттарга өткөнү байкалганын баса белгиледи. Азыркы учурда мамлекетке таандык объектилерди мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча активдүү иштер улантылууда.

Каныш-Кыя айылындагы аэропорт «Манас» аэропортунун балансына кайтарылгандан кийин Президент 2024-жылдын жазында жаңы аэробекеттин курулушун баштоону жана аны жыл аягына чейин бүтүрүүнү тапшырды.

Сөзүнүн соңунда Президент Садыр Жапаров аталган долбоорду ишке ашырууга күч-кубатын, акыл көрөңгөсүн, убактысын жумшап жаткан “Манас” эл аралык аэропортунун жалпы жамаатына ыраазычылык билдирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>