Жапаров «Mad Max: Fury Road» стилиндеги унааны айдады (видео)

Жапаров «Mad Max: Fury Road» стилиндеги унааны айдады (видео)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-июлда, 24-июндан 1-июлга чейин Кыргызстанда өтүп жаткан MadWay Rally эл аралык долбоорунун катышуучулары менен жолугушту.

Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, катышуучулар өз автомашиналарынын бекемдигин ар кайсы өлкөлөрдүн татаал участокторунда сынашат, быйыл эл аралык ралли Кыргызстанда өтүп жатат.

Бардык унаалар пост-апокалиптикалык «Mad Max: Fury Road» («Безумный Макс: Дорога ярости») боевик тасмасынын стилинде жасалган.

Мамлекет башчысы унаалардын бирин тоолуу жолдордо өзү айдап көрүп, эл аралык долбоордун катышуучулары менен да баарлашты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>