Абактагы Кунакуновго Ала-Арчада каза болгон уулунун тажыясына барууга уруксат берилди

№1 тергөө абагында камакта отурган мурдагы депутат Максат Кунакуновго Ала-Арча капчыгайында каза болгон уулун акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышууга уруксат берилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Reporter.kg’ге билдирди.
Маалыматка ылайык, мурдагы депутаттын жактоочусу тергөөчүгө тиешелүү өтүнүч менен кайрылып, ал канааттандырылган. Максат Кунакунов бир ай мурда алдамчылыкка шектелип кармалып, тергөө абагына киргизилген.
Эске салсак, Ала-Арча капчыгайында жоголуп кеткен анын 14 жаштагы уулу Амирдин сөөгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Электро чокусунун аймагындагы таштардын арасынан табышкан. Алдын ала маалымат боюнча, өспүрүм суукка тоңуп каза болгон.
Өспүрүм 7-ноябрда эртең мененки саат 7:00дө үйүнөн чыгып, Ала-Арчадагы чуркоо жарышына катышууга кеткенин айткан. Бирок жаш курагына байланыштуу жарышка киргизилбей калып, өз алдынча Адыгене капчыгайын көздөй кеткен. Ал саат 19:02де ӨКМге чалып, чокудан түшүп келе жатып адашып калганын кабарлаган. Геолокация аркылуу анын Электро чокусунда экени аныкталган.
Куткаруучулар тобу бул убакта Рацек алачыгында башка жарандарды эвакуациялап жатышкандыктан, тоодо байланыштын жоктугунан улам аларга маалымат саат 22:00дө жеткен. Түн ортосунда куткаруучулардын бир бөлүгү Электро чокусуна багыт алган. 8-ноябрда издөө иштерине кошумча куткаруучулар жана тик учак тартылып, өспүрүмдүн сөөгү табылган.