Кыргызстанда космос тармагын 2031-жылга чейин өнүктүрүү программасы иштелип чыкты

Кыргызстанда космос тармагын 2027–2031-жылдарга өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы иштелип чыкты. Документте спутниктик мониторингдин улуттук системасын, космостук маалыматтарды иштеп чыгуу борборун түзүү жана өздүк космостук инфраструктураны өнүктүрүү каралган. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
Негиздеме-маалымкатта айтылгандай, программа космостук технологияларды өнүктүрүүгө жана аларды мамлекеттик башкарууда, экономикада, илимде жана улуттук коопсуздукту камсыздоодо колдонууга багытталган.
Программага ылайык, учурда Кыргызстандын өздүк космостук инфраструктурасы дээрлик жокко эсе. Өлкөдө өздүк космос аппараттары, спутниктик маалыматтарды кабыл алуучу улуттук жер үстүндөгү станция жана аларды иштеп чыгуу менен сактоонун бирдиктүү борбору жок.
Мамлекеттик органдар көбүнчө чет элдик спутниктик системалардан, жабдуулардан, программалык камсыздоодон жана маалымат жеткирүүчүлөрдөн көз каранды. Ошол эле учурда ар кайсы мекемелер спутниктик маалыматтарды өз алдынча алып, иштеп чыгышат. Бирдиктүү системанын жоктугунан улам маалымат башка мамлекеттик органдарга дайыма эле жеткиликтүү боло бербейт, айрым процесстер кайталанат жана жалпы маалымат базасын түзүү кыйынга турат.
Дагы бир көйгөй — спутниктик технологиялар, геомаалыматтык системалар жана космостук маалыматтарды иштеп чыгуу жаатында адистердин жетишсиздиги.
Иштеп чыгуучулар белгилегендей, тоолуу рельефтин, мөңгүлөрдүн көптүгүнүн жана аймактын табигый коркунучтарга өтө жакындыгынын себебинен спутниктик мониторингди өнүктүрүү Кыргызстан үчүн өзгөчө маанилүү.
Программада келтирилген маалыматтарга ылайык, 1961–2012-жылдар аралыгында Теңир-Тоо мөңгүлөрү көлөмүнүн болжол менен 27%ын жоготкон. 2024-жылы тоо системасынын басымдуу бөлүгүндө мөңгүлөрдүн азайышы күчөгөн.
Спутниктик технологиялар мөңгүлөрдүн, бийик тоолуу көлдөрдүн, кар катмарынын жана суу ресурстарынын абалына үзгүлтүксүз көз салууга, ошондой эле сел, суу ташкыны, жер көчкү жана кар көчкү коркунучу бар аймактарды аныктоого мүмкүндүк берет.
Программада эмнелер каралган
Программанын башкы максаты — 2031-жылга чейин спутниктик маалыматтарды алуунун, иштеп чыгуунун жана пайдалануунун улуттук системасын түзүү.
Пландалууда:
- Жерди аралыктан зонддоонун (ЖАЗ) бирдиктүү улуттук платформасын түзүү;
- спутниктик маалыматтарды иштеп чыгуу, сактоо жана архивдөө борборун уюштуруу;
- спутниктик маалыматтарга жеткиликтүүлүктү камсыздоо жана аларды кабыл алуучу улуттук жер үстүндөгү станцияны этап-этабы менен түзүү;
- бирдиктүү мамлекеттик геомаалыматтык платформаны жана санариптик карталарды иштеп чыгуу;
- мөңгүлөргө, суу ресурстарына, айыл чарба жерлерине жана табигый тобокелдиктерге спутниктик мониторинг жүргүзүүнү киргизүү;
- «Кыргыз Спутниктин» базасында Улуттук космостук технологиялар борборун түзүү;
- спутник сүрөттөрүн талдоо үчүн жасалма интеллектти киргизүү;
- адистерди даярдоону, илимий лабораторияларды жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү.
Мындан тышкары, өздүк космостук каражаттарды түзүү же сатып алуу, анын ичинде эл аралык өнөктөштүн спутнигиндеги үлүшкө ээ болуу мүмкүнчүлүгүн баалоо каралган.
Ошол эле учурда программада өздүк спутникти дароо учуруу каралган эмес. Космостук аппараттарды сатып алуу же түзүү боюнча чечим техникалык-экономикалык негиздеме (ТЭН) даярдалгандан кийин кабыл алынат.
Спутниктик маалыматтар кайсы тармактарда колдонулат
Документке ылайык, космостук технологияларды бир эле учурда бир нече тармакка киргизүү мерчемделүүдө.
Айыл чарбасында спутник сүрөттөрү эгиндердин абалына көз салууга, түшүмдүүлүктү баалоого, жайыттарды көзөмөлдөөгө жана жердин деградациясын аныктоого көмөктөшөт.
Суу чарбасында алар дарыяларга, көлдөргө, суу сактагычтарга, мөңгүлөргө жана ирригациялык курулмаларга байкоо жүргүзүү үчүн пайдаланылат.
Экология тармагында спутник маалыматтары токойлордун, жерлердин, суу объекттеринин жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын абалын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга өзгөчө көңүл бурулат. Спутниктик мониторинг кооптуу тилкелерди аныктоого жана селдин, суу ташкынынын, жер көчкүнүн жана башка табигый кырсыктардын кесепеттерин тез баалоого жардам берет.
Ошондой эле технологияларды шаар курууда жана жер ресурстарын башкарууда, анын ичинде мыйзамсыз курулуштарды аныктоо, санариптик карталарды жаңылоо жана транспорттук инфраструктуранын абалын көзөмөлдөө үчүн колдонуу пландалууда.
Программаны качан ишке ашыруу пландалууда?
Программаны ишке ашыруу эки этапка эсептелген.
Биринчи этап — 2027–2028-жылдар. Бул этапта ченемдик укуктук базаны калыптандыруу, ЖАЗ улуттук платформасын жана спутник маалыматтарын иштеп чыгуу борборун түзүү, космостук маалыматтарга жеткиликтүүлүктү камсыздоо жана мөңгүлөрдү, суу ресурстарын, өзгөчө кырдаалдарды жана айыл чарба жерлерин көзөмөлдөө боюнча артыкчылыктуу кызматтарды ишке киргизүү пландалууда.
Экинчи этап — 2029–2031-жылдар. Спутниктик сервистерди мындай маалыматтарга муктаж болгон бардык мамлекеттик органдарга жайылтуу мерчемделген.
Космостук технологиялар жаатындагы илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү, билим берүү программалары жана адистерди даярдоо өзүнчө каралган. Мындан тышкары, Кыргызстан чет элдик космостук агенттиктер жана эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты кеңейтүүнү, ошондой эле БУУнун космос чөйрөсүндөгү негизги эл аралык келишимдерине кошулууну пландаштырууда.
Анара Мамытова