Таласта курулуш министри Орунтаев подрядчы менен кайым айтыштыКыргызстан Борбор Азиянын климаттык стратегиясынын катчылыгын Бишкекте жайгаштырууну сунуштадыМинфин менен АӨБ 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында долбоорлордун ишке ашырылышын талкууладыКүн күркүрөп, жаан жаап, шамал күчөйт: 23-августка карата аба ырайыТаласта «Баластан» балдар борборунун курулушу 90% аяктадыКөчмөндөр оюндарына билет жетпей калган сатып алуучуларга акчасы кайтарылат
Ысык-Көлдө Эмгек башкармалыгынын имараты өрттөндү
06.02.2024 | 09:00
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Ысык-Көлдөгү Ак-Суу эмгек башкармалыгынын имараты өрттөндү. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.
Маалыматка караганда, өрт 6-февралга караган түнү саат экилерде чыгып, өз убагында өчүрүлгөн. Кырсыктан жабыркагандар жок.
Өрттөн кийин имарат жараксыз абалга келген.