Кыргызстанда контрабанда үчүн кылмыш жоопкерчилигинин босогосун жогорулатуу сунушталууда

05.11.2026 | 14:33
Кыргызстанда контрабанда үчүн кылмыш жоопкерчилигинин босогосун жогорулатуу сунушталууда — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда бажы мыйзамдарын бузуунун бир катар түрлөрү боюнча жазаны күчөтүү менен бирге, экономикалык контрабанда жана бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу үчүн кылмыш жоопкерчилигинин босогосун жогорулатуу пландалууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Мамлекеттик бажы кызматы (МБК) иштеп чыкты.

Негиздеме-маалымкатта айтылгандай, бажы эрежелерин бузгандыгы үчүн колдонулуп келе жаткан айып пулдар учурдагы экономикалык шарттарга шайкеш келбей калды. Инфляция, валюта курсунун өзгөрүшү жана товарлардын кымбатташынан улам алардын реалдуу токтотуучу (тартипке келтирүүчү) таасири төмөндөгөн.

Мамлекеттик бажы кызматы белгилегендей, айрым учурларда мыйзамсыз ташылган товарлардын баасына жана мыйзам бузуудан түшүүчү пайдага салыштырмалуу айып пулдар өтө төмөн болуп калууда.

Мындан тышкары, экономикалык контрабанда боюнча кылмыш жоопкерчилигинин нарктык босоголору 2018-жылдан бери олуттуу кайра каралган эмес, ал эми бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу боюнча баштапкы босоголор 2007-жылдан бери эле колдонулуп келет.

Мекеменин маалыматы боюнча, бул көрсөткүчтөр ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында эң төмөнкүлөрдүн бири болуп саналат. Натыйжада мынчалык катаал жазаны талап кылбаган мыйзам бузуулар үчүн да кылмыш жоопкерчилиги келип чыгышы мүмкүн.

Дагы бир көйгөй товарлар тууралуу алдын ала маалыматтарды толтурууга байланыштуу. Тактап айтканда, «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө пункттарында ташуучулар бажы көзөмөлүнө тоскоол болбогон техникалык каталар же документтердеги так эместиктер үчүн жоопко тартылып келген. Бул транспорттун кармалышына жана кошумча чыгымдарга алып келген.

Мыйзам долбоору бир катар бажы мыйзамдарын бузгандыгы үчүн айып пулдарды көбөйтүүнү, ошондой эле кылмыш жоопкерчилигине тартуу шарттарын кайра карап чыгууну карайт.

Кылмыш жоопкерчилигинин босогосун жогорулатуу

Кылмыш жоопкерчилигине тартыла турган минималдуу нарктык босогону төмөнкүдөй жогорулатуу сунушталууда:

  • экономикалык контрабанда үчүн — 500 миң сомдон 2 миллион сомго чейин;
  • бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу үчүн — 100 миң сомдон 1,5 миллион сомго чейин.

Айып пулдарды көбөйтүү

Бажы көзөмөлү үчүн мааниге ээ болгон алдын ала так эмес маалыматтарды бергендиги үчүн жеке жактарга 5 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом өлчөмүндө айып пул белгилөө сунушталууда.

Ошол эле учурда товарларды идентификациялоого жана бажы көзөмөлүнө таасир этпеген техникалык каталар же жазуудагы жаңылыштыктар жаңы норма боюнча жазалоо үчүн өз алдынча негиз болбошу керек.

Товарларды декларациялоо тартибин бузгандыгы үчүн төмөнкүдөй айып пулдар сунушталат:

  • жеке жактар үчүн — 5 миң сом;
  • юридикалык жактар үчүн — 20 миң сом.

Декларацияны жана зарыл документтерди белгиленген мөөнөттө тапшырбагандыгы үчүн эскертүү берүү же жеке жактарга 2 миң сом, юридикалык жактарга 10 миң сом өлчөмүндө айып пул салуу каралууда.

Товарларды декларациялабай коюу үчүн айып пулдар

Жазанын өлчөмүн товарлардын, анын ичинде электрондук соода товарларынын наркына байланыштыруу сунушталууда.

Эгерде мыйзамсыз ташылган товарлардын баасы 1 миллион сомдон ашпаса, айып пул төмөнкүчө болот:
  • жеке жактар үчүн — 20 миң сом;
  • юридикалык жактар үчүн — 50 миң сом.

Эгерде баасы 1 миллион сомдон ашса, айып пул тиешелүүлүгүнө жараша 40 миң жана 100 миң сомго чейин жогорулайт.

Бажы төлөмдөрүн төлөбөгөндүк үчүн жоопкерчилик

Айып пулдарды төлөнбөй калган төлөмдөрдүн жана алымдардын суммасына жараша белгилөө сунушталууда.

Төлөнбөгөн суммаЖеке жактарЮридикалык жактар
200 миң сомго чейин (кошо алганда)7 миң сом20 миң сом
200 миңден ашык 700 миң сомго чейин (кошо алганда)20 миң сом50 миң сом
700 миңден ашык 1,5 млн сомго чейин (кошо алганда)40 миң сом100 миң сом

Бул санкциялар мыйзам бузуучунун аракетинде кылмыштын белгилери жок болгон учурлар үчүн каралган.

Контрабанда үчүн жаза

Мыйзам долбоору оордотуучу жагдайлар болгон учурда экономикалык контрабанда үчүн эркинен ажыратуунун эң жогорку мөөнөтүн беш жылдан алты жылга чейин узартууну карайт.

Олуттуу өлчөмдө бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качкандыгы үчүн айып пулду 30–60 миң сомдон 60–130 миң сомго чейин көбөйтүү сунушталууда.

Ошол эле учурда карызды өз ыктыяры менен төлөгөн учурда кылмыш жоопкерчилигинен бошотуунун шарттарын өзгөртүү пландалууда. Мыйзам бузуучу тиешелүү төлөмдөрдөн жана туумдардан (пеня) тышкары, мамлекетке төлөнгөн төлөмдөргө барабар кошумча сумманы төлөп бериши керек болот.

Маданий баалуулуктарды мыйзамсыз ташуу үчүн өзүнчө жоопкерчилик

Кылмыш-жаза кодексине ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу маданий баалуулуктарды мыйзамсыз өткөрүү боюнча жаңы беренени киргизүү сунушталууда.

Жаза буюмдардын баасына жараша болот:
  • 100 миң сомго чейин (кошо алганда) — 20 миңден 50 миң сомго чейин айып пул;
  • 100 миңден ашык 500 миң сомго чейин (кошо алганда) — 50 миңден 100 миң сомго чейин айып пул же алты айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштары;
  • 500 миңден ашык 1 миллион сомго чейин (кошо алганда) — 100 миңден 200 миң сомго чейин айып пул же эки жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу;
  • 1 миллион сомдон ашык — мүлкүн конфискациялоо менен же ансыз эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу.

Эгерде кылмыш уюшкан топ тарабынан жасалса же өзгөчө тарыхый, илимий, көркөм же улуттук мааниге ээ болгон маданий баалуулуктарга тиешелүү болсо, беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасы сунушталат.

Баңгизаттардын жана кооптуу заттардын контрабандасы үчүн жазаны кайра карап чыгуу

Баңги каражаттарын, психотроптук, күчтүү таасир этүүчү жана уулуу заттарды мыйзамсыз өткөргөндүгү үчүн жоопкерчиликти алардын көлөмүнө жараша бөлүштүрүү сунушталууда.

Мыйзамсыз ташылган заттардын өлчөмү белгиленген босогого жетпеген айрым учурларда 50 миңден 100 миң сомго чейин айып пул салуу же беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу каралган.

Оордотуучу жагдайлардагы кылмыштар үчүн мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга чейин эркинен ажыратуу сыяктуу катаалыраак жазалар сакталат.

Анара Мамытова

Scroll to Top