Онкология борборуна жасалма интеллект менен иштеген төрт УЗИ аппараты орнотулду

Улуттук онкология жана гематология борборуна жасалма интеллект технологиялары менен жабдылган премиум класстагы Mindray Resona R9 үлгүсүндөгү төрт ультраүндүк аппарат орнотулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Аларды сатып алууга керектүү каражатты Президенттин Администрациясы бөлгөн. Бир аппараттын баасы 8 млн 400 миң сомду түзөт. Төрт аппаратка жалпысынан болжол менен 33,6 млн сом жумшалган.
Буга чейин борбордо төрт ультраүндүк система иштеп келген. Бейтаптардын агымы көп болгондуктан, диагностикалык бөлүмгө түшкөн жүк жогору болуп, текшерүүдөн өтүү үчүн күтүү убактысы узарып жаткан. Министрликтин пикиринде, жаңы аппараттар диагностикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип, УЗИ текшерүүсүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатат.
Онкология борборунда биринчи жолу эхокардиография — жүрөктү ультраүндүк изилдөө жүргүзүлө баштайт. Буга чейин мындай текшерүү борбордо жасалган эмес. Бул химиотерапия алып жаткан бейтаптар үчүн маанилүү. Анткени шишикке каршы айрым препараттар жүрөк булчуңуна жана кан тамырларга таасир этиши мүмкүн. Дарыгерлер дарылоого чейин, химиотерапия учурунда жана операциядан кийин жүрөктүн иштешин баалай алышат.
Аппараттардагы жасалма интеллект дарыгердин жардамчысы катары иштейт: ультраүндүк сүрөттөрдү талдап, шектүү очокторду аныктайт жана органдардагы өзгөрүүлөрдү баалайт. Бул технологияны калкан безин, сүт бездерин, боорду, бөйрөктү, уйку безин, көк боорду жана башка органдарды изилдөөдө колдонууга болот. Бирок жыйынтыктарга акыркы бааны берүү, диагноз коюу жана дарылоо боюнча чечим кабыл алуу дарыгердин милдетинде калат.
Төрт аппараттын экөө бипландык датчиктер менен жабдылган. Алар изилденип жаткан түзүлүштөрдү бир эле учурда эки тегиздикте көрсөтөт. Кыргызстандагы онкологиялык практикада бул технологияны биринчи жолу простата безин жана жамбаш органдарын изилдөөдө, анын ичинде так багытталган биопсия жүргүзүүдө колдонуу пландалууда. Мындан тышкары, аппараттар контрасттык изилдөөлөрдү жана эластографияны жүргүзүүгө, шишиктердин кан менен камсыз болушун жана кан тамырлардын абалын баалоого мүмкүндүк берет.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев диагностикалык жабдууларды жаңылоо адистештирилген медициналык жардамдын сапатын жогорулатуунун маанилүү бөлүгү экенин белгиледи.
«Биз үчүн материалдык-техникалык базаны жаңылоо гана эмес, диагностика мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү да принципиалдуу мааниге ээ. Бул бейтаптарга керектүү текшерүүлөрдү өз убагында жана заманбап технологиялык деңгээлде алууга шарт түзөт. Дарыгерлердин ишинде кошумча курал боло турган жасалма интеллект технологияларын киргизүү өзгөчө маанилүү», — деди ал.