Курулуш министри Орунтаев Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалышы мүмкүн деген сөздөргө жооп берди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкек шаарынын мэри кызматына дайындалышы мүмкүн деген маалыматтарды четке какты. Ал бул сөздөрдү чындыкка дал келбеген маалымат деп атады.
Буга чейин социалдык тармактарда Орунтаев мэрлик кызматка дайындалышы мүмкүн экени тууралуу жазышкан. Министрдин айтымында, кызматка дайындоо маселесин өлкө жетекчилиги, анын ичинде президент Садыр Жапаров чечет.
«Биринчиден, кайсы жерде жана кандай кызматта иштей турганыбызды өлкө жетекчилиги чечет. Тактап айтканда, урматтуу президент. Биздин ким болуп иштей турганыбызды өзүбүз тандаганга мүмкүнчүлүгүбүз жок. Бул туура эмес. Дайындап, буйрук беришсе, ошол жерде, жетекчибиз айткан жерде иштейбиз», — деди Орунтаев.
Ал учурда Бишкек шаарынын мэри болуп Айбек Жунушалиев иштеп жатканын эске салды.
«Ал эми бул ушактарга келсек, мунун баары чындыкка дал келбеген маалымат. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын мэри бар. Анын ордуна көз артуу — таптакыр туура эмес. Биздин өз кызматыбыз, өз милдеттерибиз бар. Аларды эч кандай сөзгө алдырбай так аткарып, мамлекет тарабынан коюлган маселелерди чечишибиз керек», — деп кошумчалады министр.