Саламаттык сактоо министри энергетикалык суусундуктарга тыюу салуу демилгесин колдоду

05.11.2026 | 13:41
Министр здравоохранения поддержал инициативу запретить энергетические напитки — Новости Кыргызстана

Саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов президенттин Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарды өндүрүүгө жана импорттоого тыюу салуу демилгесин колдой турганын билдирди. Ал демилгени жөн гана экономикалык чечим эмес, улутту сактап калуу миссиясы деп атады. Бул тууралуу министр өзүнүн соцтармагына жазды.

Дамирбек Осмонов өз билдирүүсүндө энергетикалык суусундуктарды “уу” деп атап, анын кесепети жаштарга тийип жатканын билдирди.

“Бир жылда 54 миллион литрден ашык химиялык суусундук ичилип жатканы — бул үрөйдү учурган трагедия! Бул жүз миллиондогон банкалар жаштарыбыздын жүрөгүн токтотуп, бөйрөгүн иштен чыгарып, кант диабетине кабылдырууда. Бизге ууланган эмес, табигый күч-кубатка ээ, акыл-эси сергек, темир билек муун керек!”- деди министр.

Ал Саламаттыкты сактоо министрлиги 6 ай ичинде энергетикалык суусундуктарды өлкөдө толук жок кылуучу мыйзамдык чараларды иштеп чыгууга толук даяр экенин билдирди. Ошондой эле жарандарды бул чечимди колдоого чакырды.

Scroll to Top