Жалал-Абадда 4 жашар кызды зордуктоого шектүү кармалды

Жалал-Абадда 4 жашар кызды зордуктоого шектүү кармалды

Жалал-Абад шаарында 4 жашар кызды зордуктоого шектелип 35 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 24-июнда саат 18:30дар чамасында милицияга шаардагы көп кабат үйлөрдүн биринин алдында бейтааныш адам 4 жашар кызды зордуктаганы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине ыкчам-тергөө тобу барып, далил буюмдар алынган.

Бул факты боюнча «зордуктоо» беренеси менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык жана соттук-биологиялык экспертизалар дайындалган.

Шектүү катары 35 жаштагы Б.Х. аттуу жаран кармалган. Соттун чечими менен ал тергөө аяктаганча 2 айга камакка алынган.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Милициянын басма сөз кызматы шектүүнүн сүрөтүн берүүдөн баш тартып, анын сүрөтү аларда да жана тергөөдө да жок экенин жүйөө келтирди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>