Көчмөндөр оюндары учурунда ден соолукту кантип сактоо керек — медиктердин сунуштамалары

Бишкек шаардык ден соолукту чыңдоо борбору VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучуларына жана конокторуна мелдештер учурунда ден соолукка келип чыгуучу тобокелдиктерди азайтууга жардам берген эрежелерди эске салды.
Борбор колду самындап байма-бай жууп турууну, ал эми зарыл болгон учурда антисептик колдонууну сунуштайт. Ичүүчү суунун жана тамак-аш азыктарынын сапатына өзгөчө көңүл буруу зарыл.
«Коопсуз жана сапаттуу ичүүчү сууну колдонуңуз. Тамак-аш азыктарын жана даяр тамактарды санитардык талаптар сакталган жерлерден гана тандаңыз», — деп айтылат билдирүүдө.
Оюндардын катышуучуларына жана конокторуна ошондой эле өздүк гигиена эрежелерин сактоо жана өзүн кандай сезип жатканына көз салуу сунушталат. Ден соолук начарлаган учурда өз убагында медициналык жардамга кайрылуу зарыл.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтөт.
Reporter.kg — VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маалыматтык өнөктөшү.