Кыргызстан 2026-жылы жалгыз саякаттоо үчүн дүйнөдөгү эң мыкты өлкө деп табылды

«Much Better Adventures» платформасы тарабынан жарыяланган «Solo Adventure Travel» рейтингинде Кыргызстан 2026-жыл үчүн биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамелкеттик агенттик билдирди.
Рейтингди түзүүдө өлкөнүн жөө жүрүш (треккинг) маршруттары, саякаттын баасы, коопсуздук деңгээли, биологиялык ар түрдүүлүгү жана жеткиликтүүлүгү сыяктуу критерийлер негиз катары алынган.
Платформанын маалыматы боюнча, Кыргызстан жаратылышынын адам аз барган аймактары жана жаңы жерлерди ачуу мүмкүнчүлүктөрү менен өзгөчөлөнөт.
Кыргызстандын Теңир-Тоо кыркалары, тоо көлдөрү жана жаратылыш мейкиндиктери жалгыз саякаттоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөрү белгиленген. Саякатчылар боз үйлөрдө түнөө, ат минүү, Ала-Көлдүн айланасындагы жөө маршруттарды басып өтүү жана көчмөн маданияты менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.