Садыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөтСариев: Кыргызстан менен Казакстандын соодасы өсүүдө, бирок чек арадагы көйгөйлөр чечиле элек
Бишкектин борборунда Чүй проспектиси эки күнгө жабылат
27.08.2026 | 09:49

27-август күнү саат 20:00дөн тарта 29-август саат 12:00гө чейин Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн толугу менен жабылат.
Ички иштер министрлиги мындай чектөөлөр коопсуздукту камсыз кылуу жана алдыдагы масштабдуу иш-чараларга — ШКУнун саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү максатында киргизилип жатканын түшүндүрдү. Айдоочулардан айланып өтүүчү жолдорду алдын ала мерчемдөө суралат.
Ошондой эле шаар тургундарына бул күндөрү Бишкектеги ири соода борборлорунун иши убактылуу токтотулуп, башка көчөлөрдө да кыймылга убактылуу чектөөлөр киргизилиши мүмкүн экендиги эскертилет.
Теги: ИИМ