Заводдор, ГЭСтер жана экспорт: Кыргызстан кытайлык инвесторлорду кайсы тармактарга чакырууда

Кыргыз-кытай бизнес-форумунун ачылышында сүйлөп жатып, министр Эрлист Акунбеков КЭР менен өнөктөштүктүн стратегиялык тармактарын атады. Биринчи артыкчылыктуу багыт катары өндүрүштү кеңири масштабда локалдаштыруу, технологияларды өткөрүп берүү (трансфер) жана ЕАЭБ базарлары үчүн «Кыргызстанда жасалган» бренди астында продукция чыгаруу аталды.
Экинчи багыт — «жашыл» энергетика: кытайлык өнөктөштөр менен биргеликте инвестициялык көлөмү 55,8 млн долларды түзгөн кубаттуулугу 100 МВт күн станциясы курулууда, ал эми Орто-Токой ГЭСинде (21 МВт) монтаждоо иштери аяктап жатат.
Агросектордо кыргыз продукциясынын КЭРге болгон экспорту беш айдын ичинде 73 млн долларга жетип, бир жарым эсе өскөнүн көрсөттү. Эми өлкө айыл чарба чийки затын терең кайра иштетүү боюнча биргелешкен заводдорду курууга жана жогорку кошумча наркты түзүү үчүн логистиканы өнүктүрүүгө басым жасоодо.
Мындан тышкары, Кыргызстан жасалма интеллект, маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорун (ЦОД) куруу жана квалификациялуу техникалык кадрларды даярдоо жаатында биргелешкен долбоорлорду ачууга даяр. Министр республика «Бир алкак — бир жол» демилгесин диалогдон конкреттүү өндүрүштүк долбоорлорго өтүү үчүн негизги платформа катары карап жатканын баса белгиледи.