Кырчын жайлоосунда ӨКМнын көчмө госпиталы кызмат көрсөтөт

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтө турган Ысык-Көлдүн Кырчын жайлоосуна Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) көчмө госпиталы жайгаштырылды. Госпитал катышуучуларга жана конокторго медициналык жардам көрсөтөт.
ӨКМнын маалыматында, госпиталдын курамына 21 унаа жана 31 чатыр кирет. Анын ичинде хирургиялык операция жасоочу бөлүм, УЗИ, рентген, лаборатория, реанимобиль жана дарыкана бар.
Көчмө госпитал күнүнө 150 бейтапты амбулатордук кабыл алуу, 20га чейин хирургиялык операцияларды жүргүзүү, 90 бейтапты жаткырып дарылоо жана 8 орундуу интенсивдик терапия бөлүмүнүн ишин камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Учурда Кырчынга медициналык жардам көрсөтүү үчүн ӨКМдин Апааттык медицина кызматынан 20 жана Саламаттыкты сактоо министрлигинен 60 дарыгер тартылды.
Мындан тышкары жайлоодо ӨКМдин эки тик учагы, өрт өчүрүүчү жана куткаруу унаалары, катерлер нөөмөттө турары айтылды.