Си Цзиньпин 30-августта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин 30-августта президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашат. Сапардын жыйынтыгында бир катар мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык документтерге кол коюу пландалууда.
Си Цзиньпин ошондой эле Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышат.
Мындан тышкары, КЭРдин Төрагасы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышат.