Жалал-Абадда «Бек-Абад» өткөрмө бекетинде мушташ чыккан (видео)

Жалал-Абадда «Бек-Абад» өткөрмө бекетинде мушташ чыккан (видео)

Жалал-Абаддын Сузак районунун «Бек-Абад» өткөрмө бекетинде, 23-октябрда, мыйзамсыз акча алмаштырган адамдар ортосунда массалык мушташ чыкты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

УКМК билдиргендей, чырдын улуттар аралык мүнөздөгү белгилер болгон.

«Окуя болгон жерге келген УКМКнын кызматкерлери видеого тартып жатканда, жаңжалдын айрым катышуучулары агрессивдүү жүрүм-турум көрсөтүп, чагымчыл аракеттерге барып, чек арачыларды коркутуп-үркүтүшкөн», — деп айтылат маалыматта.

Атайын кызматтан билдиришкендей, улуттар аралык чыр-чатактын чыгышына жол бербөө жана аны уюштуруучулардын кылмыштуу аракеттерин документтештирүү максатында, алардын тергөө органына келишин камсыз кылуу чаралары көрүлгөн.

«Бирок 1971-жылы туулган И.Д.Э. аттуу жаран тергөө органына келүүдөн баш тарткан. Эртеси күнү, 24-октябрда И.Д.Э. аттуу жаранды алып келүү учурунда, анын үй-бүлө мүчөлөрү активдүү каршылык көрсөтүшүп, УКМКнын кызматкерлеринин денесине залал келтиришип, шектүүнү алып кетүүгө аракет кылышып, кызматтык унааларга таш ыргытышкан», — деп айтылат маалыматта.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 374-беренеси «Бийлик өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү» боюнча  кылмыш иши козголуп, И.Д.Э. жана И.Э.Д. аттуу жарандар УКМКнын Жалал-Абаддагы башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМК мүмкүн болгон улуттар аралык чыр-чатактын уюштуруучуларына жана активдүү катышуучуларына мыйзамдардын чегинде эң катаал чаралар көрүлөрүн эскертет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>