Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтуна шилтеп билдирди.
Зилзала бүгүн саат 00:51де болду. Ал Аксы районунун Кызыл-Бейит айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз