Жаза аткаруу кызматы Арстан Алайдын кантип каза болгонун айтты

Жаза аткаруу кызматы Арстан Алайдын кантип каза болгонун айтты

Арстанбек Абдылдаевдин 5-январда, саат 5:15 чамасында абактын ашкана бөлүмүндө  асылып турган сөөгү табылган. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматы билдирди.

Маалыматка караганда,  ал 28-декабрда Бишкек шаарынын №1-тергөө абагынан №31 дарылоо мекемесине жеткирилген. Ага врач-психиатрдын  «Инсанияттын такталбаган психатикалык бузулушу, галлюцинация» деген бүтүмү себеп болгон.

Аталган жайда Арстанбек Абдылдаев жүрөгү, башы ооруп, кулагы шуулдап жатканын айтып дарыгерлерге кайрылган. Анын кан басымы көтөрүлүп, коронардык жүрөк оорусу бар экенин аныкташкан.

“Сөөктү кароодо күч колдонуу белгилери аныкталган жок. Өлүмдүн чыныгы себебин аныктоо максатында комиссиялык соттук-медициналык экспертиза дайындалды», — дейт Жазаларды аткаруу кызматы.

Эскерте кетсек, Арстан Алай декабрда кармалып, 2024-жылдын 15-январына чейин камалган. Анын өлүмү боюнча маалымат декабрь аягында таркап, бирок аны Жаза аткаруу кызматы четке каккан.

УКМК Арстан Абдылдаевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча кылмыш ишин козгогон.

Ал 1968-жылы Нарын облусунда төрөлгөн. Ал ишкерлик менен алектенип, бир нече жолу президенттик шайлоого катышкан. Коомдо «кыш болбойт» билдирүүсү менен белгилүү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>