«Бизди эч ким сындыра албайт» — Садыр Жапаров «Бишкек Аренанын» ачылышында«Бишкек Аренада» стадиондун ачылышына арналган масштабдуу концерт башталдыЖаңы Зеландияда дүйнөдөгү эң оор курт-кумурсканы жок болуп кетүүдөн сактап калышты2026-жылдагы медицина боюнча Нобель сыйлыгы оптогенетиканы жаратканы үчүн ыйгарылдыКыргызстандагы ар бир мектепке ИИМдин жетекчилик курамынан кызматкер бекитилдиКыргызстандын кайсы банкы эң көп насыя берген
Жалган кызматкерлерди жумушка орноштуруп, айлык алып турушкан. Ошто соттун үч кызматкери кармалды
28.01.2026 | 10:41

Ош облустук административдик сотунун үч кызматкери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Атайын кызматтын маалыматынды, соттук аппараттын канцелярия башчысы жана жооптуу кызматкерлери иш жүзүндө иштебеген «жалган кызматкерлерди» жумушка орноштуруп, түшкөн айлыкты өздөрү алып турушкан. Бул үчүн алар документтерди жасалмалап, кызматкерлердин эмгеги жөнүндө жалган маалыматтарды берип жүрүшкөн.
Натыйжада мамлекетке ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголду. Аталган кызматкерлер кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар