Телефонун блоктон чыгарып берем деп алдап кеткен. Бишкекте шектүү жаран кармалды

03.11.2026 | 12:31
Телефонун блоктон чыгарып берем деп алдап кеткен. Бишкекте шектүү жаран кармалды — Новости Кыргызстана

Бишкек шаарында 30 жаштагы жаран телефон алдамчылыгына шектелип кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 15-августта Ак-Ордо конушунда шектүү блоктон чыгарып берем деп анын «iPhone 14 Pro Max» жана «iPhone 17 Pro» үлгүсүндөгү телефондорун, ошондой эле 15 миң сом акчасын алып кеткен. Жабырлануучуга жалпысынан 185 миң сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү кармалып, Бишкек шаардык ИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу беш фактыга тиешеси бар-жогу текшерилип жатканы айтылды.

Scroll to Top