Садыр Жапаров энергетикалык суусундуктарга тыюу салуу маселесин кароону тапшырды

Президент Садыр Жапаров өкмөткө бир айдын ичинде энергетикалык суусундуктарды өндүрүүгө жана импорттоого тыюу салуу маселесин карап чыгууну, ал эми алты айдын ичинде тиешелүү жөнгө салуучу чараларды кабыл алууну тапшырды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Президенттин айтымында, мындай тапшырма энергетикалык суусундуктарды колдонуунун кесепеттерине тынчсызданган жарандардын кайрылууларына байланыштуу берилди. Бул маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. Садыр Жапаров Администрациянын тиешелүү бөлүмдөрүнө бул теманы изилдөөнү тапшырган.
Президент жүргүзүлгөн талдоонун маалыматтарын келтирди. 2025-жылы өлкөдө энергетикалык суусундуктарды ички керектөө 54 млн 199 миң литрди түзгөн. Бул болжол менен 129 млн банкага барабар. 2026-жылдын биринчи жарымында керектөө 36 млн 83 миң литрге же болжол менен 85,9 млн банкага жеткен. 2025-жылы Кыргызстанда 25 млн 263 миң литр энергетикалык суусундук өндүрүлгөн. ЕАЭБ өлкөлөрүнөн 28 млн 430 миң литр, үчүнчү өлкөлөрдөн 1 млн 239 миң литр импорттолгон.
Бул тармактан түшкөн салык жана бажы төлөмдөрү 2025-жылы 1 млрд 104,1 млн сомду, ал эми 2026-жылдын биринчи жарымында 996,71 млн сомду түзгөн. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, энергетикалык суусундуктарды өндүрүүгө же импорттоого тыюу салынса, бюджет түз жана кыйыр салыктык түшүүлөрдөн болжол менен 1,5 млрд сом жоготот.
«Улуттун, жарандардын жана келечек муундардын саламаттыгы эч кандай акча менен өлчөнбөшү керек», — деп жазган президент.
Ал кардиологдордун, урологдордун жана эндокринологдордун энергетикалык суусундуктарды ашыкча колдонуунун кесепеттери тууралуу эскертүүлөрүнө таянып, мындай суусундуктар көз карандылыкты жаратышы мүмкүн экенин билдирди. Жапаровдун айтымында, мамлекет инфаркт, кант диабети, бөйрөк оорулары жана башка дарттарга чалдыккан миңдеген жарандарды дарылоого, анын ичинде гемодиализ борборлорун кармоого жана кымбат операцияларды жасоого республикалык бюджеттен олуттуу каражат жумшайт. Бирок ал бул маалыматтарды конкреттүү сандар менен бекемдеген жок.
Президент чет өлкөлөрдүн тажрыйбасын да эске салды: Литва менен Латвияда энергетикалык суусундуктарды кадимки дүкөндөрдө эркин сатууга чектөөлөр киргизилген. Польша 2024-жылдан тартып аларды 18 жашка чыга электерге сатууга тыюу салган. Ал эми Казакстанда 2025-жылдын 1-январынан тартып 21 жашка чыга электерге сатууга тыюу салынган.