Мыйзам долбоору: Кары ата-энесин бакпагандар абакка кесилет

Мыйзам долбоору: Кары ата-энесин бакпагандар абакка кесилет

Жогорку Кеңештинин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитети колунда жок кары ата-энесине алимент төлөбөгөн жарандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Аталган документ менен иштей албаган, колунда жок кары ата-энесин багуудан качкан, бойго жеткен, ал-күчүндө болгон уул-кыздарга жазаны күчөтүү сунушталууда. Ага ылайык ата-энесине кайрымсыз болгондорго 50 миңден 100 миң сомго чейин айып салынат же 60 сааттан 100 саатка чейин коомдук жумуштарга тартылат, болбосо 9 айга чейин камакка алынат.

Бул мыйзам долбоору бала кезинде ата-энеси (же атасы, же апасы) таштап кетип, карабай койгон жарандарга тиешелүү эмес. Тактап айтканда, жаран ата-эненин мээрими жок өссө, кийин ал ата-энесин карабай койгону үчүн жазаланбайт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>