Жүк ташуучу унаалар үчүн нейротүйүндөр жана Ереван үчүн референдум: ЕАЭБ лидерлери эмнелерди макулдашты?

Евразия экономикалык биримдиги түзүлгөндөн бери 11 жыл ичинде жалаң гана соода, бажы алымдары жана транзит маселелерин карап, чоң геосаясаттан мүмкүн болушунча алыс болуп келген. Бирок болуп өткөн саммит бул стереотипти биротоло жок кылды. Бажыда жасалма интеллектти киргизүү жана кыргыз жеңил өнөр жайын сактап калуу пландарынан баштап, мамлекет башчылары алгачкы ирет катаал саясий ультиматумдарга өтүштү. Интеграция жаңы деңгээлге чыгып, өлкөлөргө мындан ары «эки отургучта отурууга» жол берилбейт.
Жасалма интеллект чек аралардагы тыгындарга каршы
Санариптик күн тартиби биримдикке мүчө мамлекеттердин башчыларынын баяндамаларындагы негизги темалардын бири болду, анткени санариптик технологияларды, анын ичинде жасалма интеллектти кеңири колдонуу ЕАЭБдин бажы коридорлору аркылуу жүктөрдү өткөрүүнү жөнөкөйлөтүшү керек. Өткөн жылы кыргыз-казак чек арасындагы жүктөрдүн топтолушу бейформал евразиялык күн тартибиндеги эң көп талкууланган маселелердин бири болгон. Казакстандын президенти саммитте билдиргендей, «соода-экономикалык байланыштардын глобалдык тутумундагы негизги ролду сактап калуу үчүн баарыбызга трансчек аралык инфратүзүмдү мындан ары да өнүктүрүү жана санариптештирүү талап кылынат».
Токаевдин пикиринде, жеткирүүлөрдүн туруктуулугу жана жүктөрдү өткөрүү ылдамдыгы ЕАЭБдеги транзиттик агымдардын көлөмүн кыйла көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Казакстан «бирдиктүү терезе» принциби менен иштеген Smart Cargo сыяктуу санариптик шайманды киргизип үлгүргөн. Бул платформанын алкагында коңшу өлкөлөр менен уруксат кагаздарынын электрондук бланктары менен алмашуу механизмин ишке киргизүүнү кошкондо, транспорттук коридорлорду санариптештирүү боюнча иштер жүрүп жатат.
Садыр Жапаров да ЕАЭБ алкагында жасалма интеллекти өнүктүрүү темасын колдоп, биримдик жалпы рынок мейкиндиги гана эмес, технологиялык өнөктөштүк, биргелешкен инновациялар жана жаңы өсүү чекиттерин калыптандыруу платформасы болууга зарыл потенциалга ээ деген пикирин билдирди. Ошол эле учурда Кыргызстандын президенти документтерде бекитилген союздаштык макулдашуулар алардын реалдуу ишке ашуусу менен бекемделиши керектигине көңүл бурду. Ал товардык продукцияны ташуу жол-жоболорун реалдуу жөнөкөйлөтүү жана рыноктордун өз ара ачыктыгы үчүн шарттарды түзүү зарылдыгын баса белгиледи.
ЕАЭБге экспорт түзүмүндө алдыңкы орундарды ээлеп келген тигүү тармагы
Кыргызстандын башчысынын оюн улантып, ЕАЭБге экспорт түзүмүндө алдыңкы орундарды ээлеп келген республикабыздын тигүү тармагы, учурда Орусиянын өкмөтүнүн «көмүскө импорт» менен күрөшүүсүнүн алкагында товардык продукцияны сертификаттоо эрежелеринин өзгөрүшүнөн улам дээрлик оор абалга кептелгенин белгилеп кетүү керек. Негизги көйгөйлөрдүн бири — көптөгөн өндүрүүчүлөр продукцияны сертификаттоо эрежелери өзгөрүп жатканын билбей калышкандыгында.
Буга байланыштуу, Астанада Орусиянын президенти тарабынан айтылган бытырандылыктан толук кандуу бирдиктүү өнөр жай жана соода мейкиндигин түзүүгө карай жылуу зарылдыгы жөнүндөгү позиция тиешелүү орусиялык мекемелерге жетет деп үмүттөнүүгө болот. Анын үстүнө рыноктордун ачыктыгына умтулуу товар жүгүртүүнү дээрлик 100 млрд долларга чейин көбөйттү.
Мындан тышкары, Владимир Путин Евразия биримдиги жетишкен бир катар турмуштук маанилүү позицияларды белгиледи, алар: көптөгөн багыттар боюнча өздүк агротармактын тамак-аш азыктары менен камсыз кылуу, ошондой эле өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө улуттук валюталарга өтүү. Бул өз ара экспорттук жана импорттук операцияларды батыштын санкцияларынан жана глобалдык рыноктордогу терс тенденциялардан коргоого мүмкүндүк берди.
Александр Лукашенко өзүнө мүнөздүү ыкма менен кесиптештерине интеграциялык бирикмедеги көйгөйлөрдү эскертип, ташылып келинген автотранспортторго болгон утилизациялык жыйымды сындады.
«Биримдик жаңы түзүлүп жатканда компоненттик базаны өнүктүрүүгө инвестицияларды биргелешип тартуу жөнүндө сүйлөшчүбүз. Азыр эмне болду? Ар кимиси чычкан өткүс кылып жабылып алды! Утилизациялык жыйымдардын ставкалары жакында унаалардын өзүнүн баасынан ашып түшөт. Ошол эле учурда бири-бирин кайталаган өндүрүштөрдү түзүп, анан аларды бүт күчүбүз менен бири-бирибизден коргойбуз. Мен биздин биримдик тууралуу айтып жатам! Бул бизге эмнеге керек, мында кандай биримдик жөнүндө сөз болушу мүмкүн?» — деп билдирди Беларустун лидери.
Эскерте кетсек, Евразия биримдигинин алкагында импорттолгон же өндүрүлгөн транспорт каражаты үчүн анын келечектеги коопсуз утилизацияланышына кепилдик берген милдеттүү бир жолку төлөм иштейт. Бул утильжыйым бирдиктүү эмес: ар бир мамлекет аны өз алдынча, өз эрежелери жана ставкалары боюнча белгилеп жана өндүрүп алат, бул мезгил-мезгили менен талаш-тартыштарды жаратып келет.
Биримдикте азырынча байкоочу статусуна ээ болгон Өзбекстандын президентинин мындай форумдарга үзгүлтүксүз катышуусу салтка айланып калды. Ошол эле учурда Өзбекстан системалуу деңгээлде ЕАЭБ менен товар жүгүртүүнү арттырууда. 2025-жылы ал 18 млрд долларды түзүп, интеграциянын өз ара пайдалуу багыттарын тастыктоо менен кайрадан өсүштү көрсөттү. Шавкат Мирзиёев сезимтал темалардын бири болгон, анын ичинде Кыргызстан үчүн да маанилүү болгон эмгек миграциясы факторуна көңүл буруп, ага дагы электрондук коштоо берилиши керектигин айтты.
«Кеп жарандарга текшерилген вакансияларга, ишке орношуу шарттары тууралуу маалыматтарга, ошондой эле миграциялык мыйзамдардын ченемдерине түз кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган ыңгайлуу санариптик чөйрөнү калыптандыруу жөнүндө болуп жатат. Бул бир эле учурда биздин өлкөлөрдүн эмгек рынокторунун муктаждыктарын эске алууга, жумушчулардын квалификациясын жогорулатууга, жарандардын укуктарын коргоону бекемдөөгө жана мыйзамсыз иш менен камсыз болуу тобокелдиктерин азайтууга мүмкүндүк берет», — деп эсептейт Өзбекстандын башчысы.
Ал эми Армениянын жетекчиси Никол Пашинян 7-июнга белгиленген парламенттик шайлоого катышуу шылтоосу менен саммитке катышуудан баш тартты.
Армения европалык жана евразиялык эки багытты тең карманып кала алабы?
Армян тарап акыркы жылдары ЕАЭБге карата кандайдыр бир деңгээлде басым көрсөтүп келет. Мунун баары Армениянын премьер-министринин ЖККУнун жыйындарына катышпай коюусунан башталган. Анда Еревандын жүйөсү Карабахтын айланасындагы кырдаалда колдоо болбогону менен түшүндүрүлгөн. Ал эми евразиялык күн тартибине келсек, бул жерде альтернатива катары Европа биримдигинин катарын толуктоого болгон токтоосуз умтулуу пайда болду.
Армениянын парламенти улуттук мыйзамдарды европалык стандарттарга ылайыкташтыруу боюнча ченемдик-укуктук процессти баштоого мүмкүндүк берген тиешелүү мыйзамды кабыл алган. Ошондой эле евроинтеграция маселелери боюнча Брюссель менен тиешелүү меморандумга кол коюлган.
Ошол эле учурда республиканын депутаттык корпусунда, эгер Орусия бийлиги энергия ресурстарынын баасын көтөрүүгө аракет кылса, Армения жооп катары ЕАЭБден чыгып кетиши мүмкүн деген пикирлер айтыла баштады. Бирок Никол Пашиняндын өзү өлкөсү биримдик менен экономикалык мамилелерин үзүүгө ниети жок экенин өжөрлүк менен билдирип келет. Анын үстүнө статистика жыл сайын ЕАЭБ алкагында РФ менен товар жүгүртүүнүн өсүп жатканын көрсөтүүдө. Маселен, 2025-жылы ал 8 млрд доллардан ашкан, ал эми ЕС менен болгону 2,2 млрд долларды түзгөн. Армениядан реалдуу экспорт болсо 700 млн долларга да жеткен эмес.
Россиянын аймактарында суроо-талапка ээ болгон армян айыл чарба продукциясы бүгүнкү күндө Европа рыногуна таптакыр кереги жок экени түшүнүктүү. Анткени ал рынок өз продукциясына ансыз деле толуп турган.
Бирок мындай жүйөлөр да Армения бийлиги үчүн кирешелүү евразиялык реалдуулуктун ордуна бүдөмүк европалык кыялдан баш тартууга себеп боло алган жок. Натыйжада ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери Евразиялык биримдиктин тарыхында биринчи жолу толугу менен саясий чечим кабыл алып, Ереванга Армения ЕАЭБде калабы же Европа биримдигине кирүүнү тандайбы деген маселе боюнча референдум өткөрүүнү сунушташты.
Александр Лукашенко белгилегендей, Евразиялык биримдикте Армения жарандарынын кандай чечимине болбосун урмат менен мамиле кылышат. Орусия тарап армян айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө башка сатуу рынокторун издөөгө «шарт» түзүп, көптөгөн жашылча-жемиштердин жеткирилишине бөгөт койду.
Ошол эле учурда фермерлердин арасында Ирандын жана Жакынкы Чыгыштагы башка өлкөлөрдүн альтернативдүү рынокторун ыкчам өздөштүрүү зарыл деген пикирлер пайда болду. Бирок республиканын мурдагы финансы министри Вардан Арамян Орусия менен экономикалык байланыштар үзүлсө, армян өндүрүүчүлөрү сентябрга чейин эле экспорттон түшкөн кирешенин олуттуу бөлүгүн жоготуп, оор кризистик абалга туш болорун белгилейт.
Ушул жагдайларды эске алганда, 7-июнда Армениянын жарандары иш жүзүндө башкаруучу партияны гана эмес, ЕСке же евразиялык багытка ыктаган тышкы саясий күн тартипти да тандашат. Ошондуктан ЕАЭБ лидерлери сунуштаган референдум жарандардын көпчүлүгүнүн артыкчылыктарын болжолдуу экзитпол катары көрсөтүшү мүмкүн.
Кандай болгон күндө да Арменияга байланыштуу кырдаал ЕАЭБ өз ара аракеттенүүнүн жаңы деңгээлине өтүп жатканын ачык көрсөтүүдө. Бул деңгээл Евразиялык экономикалык комиссия менен гана чектелген соода-экономикалык кызматташтык форматына батпай калды. Союз 11 жылдык тарыхында системалуу идеологиялык базаны түзүүнү кийинкиге калтырып, Евразия элдеринин ассамблеясы сыяктуу «элдик дипломатияны» туураган уюмдар менен гана чектелип келген. Бирок азыркы геосаясий кырдаал же ЖМКларда айтылгандай, «армян маселеси» ЕАЭБдин жаңы геосаясий реалдуулугун так калыптандырды.
Атайын Reporter.kg үчүн саясат таануучу, «Ой Ордо» эксперттик демилгелер борборунун директору Игорь Шестаков.