Ошто эки мас жигит кайгуул кызматкерин сабаган деп кармалды

Ошто эки мас жигит кайгуул кызматкерин сабаган деп кармалды

Ош шаарында Милициянын кайгуул кызматкерин сабаган делип эки жаран кармалды.

Ош шаардык милициядан билдиришкендей, окуя 2-июлда болжол менен саат 05:00до болгон. К.Б аттуу кайгуул кызматкери өзүнө бөлүнгөн аймакта кызматын өтөп жатып, Daewoo Nexia унаасын токтоткон.

«Тиешелүү документтерин текшерип жаткан учурда, ошол эле унаада жүргүнчү катары бара жаткан белгисиз атуулдар кайгуул кызматкерине тоскоолдук көрсөтүп, денесине жараат келтирген», — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары Ош шаарынын 2005-жылы туулган К.А жана 2000-жылы туулган М.М аттуу тургундары кармалган.

«Окуя болгон учурда алар мас абалында экени аныкталган», — деп билдиришти милициядан.

Алардын баш коргоо чарасы Ош шаардык сотунда каралып, 2-августка чейин камакка алынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>