Кыргызстандан бал экспорттоо 10 айда 572 тоннага жеттиГ. Айтиев атындагы музей көргөзмө үчүн экспонаттарды кабыл алуудаКыргызстанда МТЗ тракторлорун чыгаруучу завод куруу пландалуудаБазар-Коргон районунда сугат скважинасы ишке берилдиАбактагы Кунакуновго Ала-Арчада каза болгон уулунун тажыясына барууга уруксат берилдиУКМК Нарын районунда 1346 гектар катталбаган жерди аныктады
Кыргызстандан бал экспорттоо 10 айда 572 тоннага жетти
10.11.2026 | 11:44

Кыргызстан 2026-жылдын 10 айында табигый балдын экспортун көбөйттү, ал эми сүт азыктарын экспорттоо кыскарды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь айынан октябрь айына чейин өлкөдөн 572,41 тонна табигый бал экспорттолгон. 2025-жылдын ушул эле мезгилинде экспорттун көлөмү 324,74 тоннаны түзгөн. Башкача айтканда, 247,68 тоннага өскөн.
Ал эми 2026-жылдын 10 айында сүт азыктарынын экспорту 33 466,58 тоннаны түздү. Бул 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 1 115,46 тоннага аз.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: минсельхоз