Жогорку Кеңештин төрагасы легендарлуу сумочу Хакухо Се менен жолукту

30.08.2026 | 19:31
Жогорку Кеңештин төрагасы легендарлуу сумочу Хакухо Се менен жолукту — Новости Кыргызстана

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев 30-августта легендарлуу сумочу, 69-йокодзуна Хакухо Се менен жолукту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар Кыргызстанда сумону өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу жана спорт тармагындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Маматалиев Хакухо Сенин жетишкендиктерин белгилеп, анын тажрыйбасы кыргызстандык жаш спортчуларды даярдоого жардам берет деген ишенимин билдирди.

Төрага Хакухо Сенин VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий элчиси болуп дайындалышына да өзгөчө токтолду. Анын айтымында, белгилүү спортчунун катышуусу Оюндарды эл аралык деңгээлде жайылтууга жана көчмөн элдердин маданиятына кызыгууну арттырууга жардам берет.

Жогорку Кеңештин төрагасы легендарлуу сумочу Хакухо Се менен жолукту — иллюстрация

Хакухо Се өз кезегинде ар кайсы өлкөлөрдүн спортчулары менен тажрыйба бөлүшүүгө даяр экенин билдирди.

«Мен жыйырма жылдан ашык өмүрүмдү сумого арнадым, анын он төрт жылын йокодзуна макамында өткөрдүм. Бул жылдар аралыгында алган билимимди жана топтогон тажрыйбамды дүйнө жүзүндөгү адамдар менен бөлүшкүм келет», — деди ал.

Scroll to Top