КР Билим берүү министрлиги пенсия курагындагы мугалимдерди эмне күтүп жатканын түшүндүрдүКыргызстандыктарга Казакстанга кирүү үчүн уруксат талап кылынат — жаңы эрежелерКыргызстанда ИИМдин жаңы имараттары ачылып, милициянын автопаркы жаңыландыБишкекте 18 жаштагы кыз 15 кабаттуу үйдүн терезесинен кулап түштүПольшанын премьери орусиялык боттор тууралуу билдирди, ал эми оппозиция өкмөттүн отставкасын талап кылуудаBinance хакердик чабуулдан кийин колдонуучулардын чыгымдарынын 90%ын жапканын билдирди
Монголиянын президенти Кыргызстанга ШКУ саммитине жана Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн келди
30.08.2026 | 19:22

Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух 30-августта Кыргызстанга жумушчу сапар менен келди. Бул тууралуу кабинет министрлеринен билдиришти.
«Манас» эл аралык аэропортунда аны министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Монголиянын президенти «ШКУ плюс» форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга, ошондой эле VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышат.
Аэропортто конокко VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий символу болгон ак илбирстин жумшак оюнчугу белекке берилди.
«ШКУ плюс» жолугушуусу 1-сентябрда Бишкекте өтөт. Ал быйыл Кыргызстан төрагалык кылып жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында уюштурулат.
Теги: Монголия