Жогорку сот 2 жашар Егорду сабаганы үчүн соттолгон адамды бошотту

Жогорку сот 2 жашар Егорду сабаганы үчүн соттолгон адамды бошотту

Бүгүн, 13-июнда Жогорку сот 2 жаштагы Егор аттуу наристени катуу сабаган Александар Самаркинди боштондукка чыгарды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге наристенин чоң апасы Наталья Ядгарова кабарлады.

Ядгарова Жогорку сот мындан мурда Сокулук райондук жана Чүй облустук соттору 5 жылга эркинен ажыраткан Александар Самаркинге эки жыл пробациялык көзөмөл белгилеп, абактан бошотуп койгонун билдирди.

Сот адилетсиз чечим чыгарганын айткан чоң эне көзүнө жаш алып, күнөөкөрдүн жазасыз кое берилип жатканына нааразы болду.

«Жогорку сот биринчи жана экинчи инстанциянын өкүмдөрүн жокко чыгарганга укугу жок болчу. Себеби бул иш катуу жабыр тарткан кичинекей баланын укугу менен байланыштуу. Ал азыркы күнгө чейин дарыланып келет. Жөн гана кое берип салганга болобу?!», — дейт чоң эне.

Ал небереси катуу сабалганда кулагы, мурду сынганын, башынан жаракат алганын айтып, алдыда дагы эки операция жасоо керектигин билдирди.

«Бала азыркыга чейин түндө чочуп, ыйлайт.Кыргызстанда канча бала жапа чегип жатат. Эч ким ага көңүл бурбай жатат. Айыпкердин боштондукта чыгып кетүүсүнө жол бербесин деп президентке, парламентке, акыйкатчыга, бардык жактарга кайрылганбыз», — дейт ал.

Ядгарова күнөөкөрдүн жазадан кутулуп кетпеши үчүн 1,5 жыл күрөшкөнүн айтат.

Эскерте кетсек, 2022-жылы февраль айында Сокулукта 1 жаш 8 айлык бала катуу сабалып ооруканага түшкөн. Шектүү катары наристенин ата-энесине жумуш берип иштеткен, 1987-жылы туулган Александар Самаркин кармалган.

Бул иш боюнча 2022-жылдын июнь айында Самаркин Сокулук райондук соту тарабынан 5 жылга соттолгон. Быйыл 22-мартта облустук сот аталган өкүмдү күчүндө калтырган.

Жогорку соттун басма сөз кызматы өкүм боюнча билдиргендей, соттук коллегия айыпталуучуну «коомдон обочолонбостон оңоло алат» деген бүтүмгө келгендиктен, эки жылдык пробациялык көзөмөл белгилеп, абактан бошоткон.

Самаркин Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (Уруп-сабап кыйноо (балага же алсыз абалдагы же күнөөлүүдөн материалдык же башкадан көз каранды болгон адамга, ошого тете уурдалган же барымтага алынган адам катары кармалган адамга) боюнча айыпталган. 

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>