Ысык-Көлдө желим баштыктарды колдонууга тыюу салуу этап менен жүргүзүлөт

Ысык-Көлдө желим баштыктарды колдонууга тыюу салуу этап менен жүргүзүлөт

Президенттин тапшырмасына ылайык, айлана-чөйрөгө жана адамдардын саламаттыгына зыян келтирген желимден жасалган буюмдардан экологиялык жактан таза кагаздан жасалган буюмдарга өтүү этап-этабы менен жүргүзүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.

Ысык-Көлдү сактоо жана биосфералык зонасынын экологиялык кыйроосун алдын алуу, ошондой эле экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында, резиденттин “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыгы чыгарылган.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин тармактык комитети “Кыргызстандын аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектөө жөнүндөгү” мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

“Учурда президенттин жарлыгын ишке ашыруу максатында Министрлер кабинетинин токтом долбоору даярдалууда. Бардык ченемдик укуктук актылар күчүнө киргенден тартып сунушталган нормаларды ишке ашыруу боюнча далилдүү иш алып баруунун мөөнөтү белгиленет жана чектөө чаралары этап-этабы менен киргизилип баштайт”, – деди Бакыт Төрөбаев.

Желим баштык саткандар жоопко тартылат. Мыйзам долбоор каралды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>