Кыргызстанда РФ шайлоосунда Россиянын 2,1 миңден ашык жараны добуш бердиДастан Бекешев: Мамлекеттик бюджеттен пенсия төлөөгө 44 миллиард сом багытталдыФутбол: Кыргызстандын кыздар курамасы алгачкы жолу CAFA чемпионатында алтын медаль жеңдиМинск Кыргызстандын экономикалык демилгелерин толугу менен колдойтЖапаров Кыргызстандагы кышкы спортту өнүктүрүүдө Ютанын тажрыйбасын колдонууга кызыкдарБишкектин бир бөлүгүндө 22-сентябрда ичүүчү суу өчүрүлөт
Жол кырсыктары көп катталган Масалиев көчөсүндөгү “зебра” өчүрүлдү
26.03.2025 | 15:34
Бишкек шаарынын Апсамат Масалиев көчөсүндөгү жөө адамдар өтө турган жөө өтмөк белгиси (зебра) өчүрүлдү. Бул тууралуу мэрия билдирди.
“Бишкекасфальтсервис” ишканасынын адистери жөө өтмөктүн белгилерин өчүрүп, жолду экиге бөлүп турган тилкеге темир тосмолорду орнотушкан.
Мэрия бул чечим аталган тилкеде айдоочулардын жол эрежелерин сактабагандыгы жана мунун айынан болгон көптөгөн жол-кырсыктары себеп болгонун билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом