Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
Жумгалда көмүр казган ишканага 1,5 миллион сомго жакын айып пул салынды
29.01.2026 | 12:36

Жумгал районунун Миң-Куш айылында көмүр казган “Шанси Коал Инвестмент Групп” ишканасы суу жана жер мыйзамдарын бузганы үчүн жоопкерчиликке тартылды.
Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, компания 2024–2025-жылдары жер үстүндөгү сууларды пайдалангандыгы үчүн 1 484 280 сом төлөөгө милдеттендирилди. Мындан тышкары, аныкталган башка эреже бузуулар үчүн ишканага 17 миң сомдук айып пул чегерилди.
Нарын облустук башкармалыгы ишканага каражатты төлөө боюнча жазма буйрук берип, аны аткарууга бир айлык мөөнөт койду.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар