7,8 млн сомдук алдамчылык — Бишкекте SIM-карталарды активдештирүүчү жана дроппер кармалдыКыргызстандык ЖОЖдордун QS дүйнөлүк рейтингиндеги позициялары кандай?Көчмөндөр оюндарына даярдык акыркы баскычына кирди: Министрлер кабинетинин тапшырмаларыНарын шаарында саркынды сууларды тазалоочу станциянын курулушу башталдыДүйнөлүк банк Кыргызстандын климатты жана абаны коргоо боюнча долбоорлорун колдойтБыйыл ЖРТнын «Алтын сертификатын» алууга 55 бүтүрүүчү татыктуу болду
Президент Сооронбай Жээнбеков мыйзамдар топтомуна кол койду
14.08.2019 | 13:51
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын мыйзамдар топтомуна кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын малыматты камсыздоо бөлүмү билдирди.
Кабыл алынган мыйзамдар Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүгө багытталган.
Мыйзамдагы өзгөртүүлөргө ылайык, келээрки шайлоодо мамлекеттик органдардын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүндө да шайлоо бөлүмчөлөрү уюштурулат.
Саламаттыгы жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга добуш берүү үчүн бардык тиешелүү шарттарды түзүп берүү да каралган. Ошондой эле талапкерлерге, саясый партияларга коюлган талаптар жогорулатылды.
Белгилей кетсек, 2020-жылы өлкөдө Парламенттик жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өткөрүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат