7,8 млн сомдук алдамчылык — Бишкекте SIM-карталарды активдештирүүчү жана дроппер кармалды

18.06.2026 | 10:21
7,8 млн сомдук алдамчылык — Бишкекте SIM-карталарды активдештирүүчү жана дроппер кармалды — Новости Кыргызстана

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери 7,8 миллион сомдук алдамчылыкка колдонулган абоненттик номерлерди активдештирүүгө шектелген 27 жаштагы жаранды кармашты, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

Тергөө версиясы боюнча, ал активдештирген номерлер кылмышкерлер тарабынан жабырлануучуга карата алдамчылык аракеттерди жасоо үчүн колдонулган. Буга чейин ички иштер органдарына Д.Н. аттуу жаран алдамчылык боюнча арыз менен кайрылганы такталды.

«Тергөөнүн маалыматы боюнча, белгисиз адамдар аял менен WhatsApp мессенджери аркылуу байланышып, анын тыюу салынган уюмдарды каржылоого тиешеси бар деген шектенүүлөр тууралуу жалган маалымат беришкен. Психологиялык басым көрсөтүү менен кылмышкерлер 7,8 миллион сом акча каражатын колго түшүрүшкөн», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле банктык эсебине жабырлануучунун акчасы түшкөн 19 жаштагы А.Д. аттуу жаран кармалды.Тергөөнүн маалыматына караганда, шектүү өзүнүн банктык картасын кылмыштык схемада колдонуу үчүн үчүнчү жактарга өткөрүп берген.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен кылмыш иши козголду. Сот эки шектүүгө тең Бишкек шаарынын СИЗО-1 мекемесине эки айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын тандады.

Тинтүү учурунда ар кандай байланыш операторлорунун 155 SIM-картасы, жети мобилдик телефон, эки ноутбук, ошондой эле экспертизага жөнөтүлгөн алтын түстөгү буюмдар салынган сегиз зип-пакет табылып, алынган.

КР Ички иштер министрлиги жарандарды банктык карталарын, эсептерин, SIM-карталарын жана жеке маалыматтарын үчүнчү жактарга бербөөгө, ошондой эле белгисиз адамдардан чалуулар жана билдирүүлөр келгенде сак болууга чакырат. Ведомство алдамчылар жарандардын акчасын колго түшүрүү үчүн көбүнчө психологиялык басым жана алдоо ыкмаларын колдонорун эскертти.

Scroll to Top