Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев менен болгон талаштан кийин кечирим сурадыБишкекте асма метро куруу мүмкүнчүлүгү каралуудаБишкектин бир бөлүгүндө 23-октябрда ичүүчү суу убактылуу токтотулатУлуттук банк эки төлөм уюмуна 6,2 млн сом айып пул салдыКыргызстандагы 25 мектепке «Starlink» спутниктик интернетинин терминалдары тапшырылдыКыргызстанда балдардын онкологиясына бөлүнгөн каржылоо беш жылда үч эсе өстү
Президент Сооронбай Жээнбеков мыйзамдар топтомуна кол койду
14.08.2019 | 13:51
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын мыйзамдар топтомуна кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын малыматты камсыздоо бөлүмү билдирди.
Кабыл алынган мыйзамдар Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүгө багытталган.
Мыйзамдагы өзгөртүүлөргө ылайык, келээрки шайлоодо мамлекеттик органдардын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүндө да шайлоо бөлүмчөлөрү уюштурулат.
Саламаттыгы жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга добуш берүү үчүн бардык тиешелүү шарттарды түзүп берүү да каралган. Ошондой эле талапкерлерге, саясый партияларга коюлган талаптар жогорулатылды.
Белгилей кетсек, 2020-жылы өлкөдө Парламенттик жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өткөрүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат