Дастан Бекешев: Орунтаев менен мэр Бишкекти маскаралап бүтүштүЯндекс Кыргызстан экономикага кошкон салымы үчүн Экономика министрлигинин сыйлыгын алдыИИМ мектеп окуу китептерин сатуу боюнча кылмыш иши козголгонсун тастыктадыКыргызстан АКШдан 10 магистралдык жүк ташуучу локомотив сатып алатКараколдун мэри Иманов — Ширшовдун фондунун миллиарддары, туризм жана сындар тууралууЭрлист Акунбеков Пекиндеги форумда транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүнүн төрт багытын сунуштады
Бишкекте «Манас» университетинин жатаканасынын курулушу токтотулду
11.06.2026 | 17:29

Бишкек шаарындагы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин 1 миң 100 орундуу жатаканасынын курулушу токтотулду. Курулуш министрлиги бүгүн, 11-июнда, билдиргендей, аталган жайда тиешелүү уруксат кагаздары жок жер казуу иштери жүрүп жатканы аныкталган.
"Текшерүүнүн жыйынтыгы менен курулуш иштерин жүргүзүп жаткан «Битрейд Импекс» ЖЧКсына карата акт түзүлүп, 200 000 сом айып пул салынды. Курулуш-монтаждоо иштери мыйзам бузуулар жоюлганга чейин токтотулду",- деп билдирди министрлик.
Эске салсак, бүгүн «Манас» университетинин аймагындагы тосмолорду бузуу иштери башталды. Шаар мэриясы бул иштер окуу жайдын аймагын түз кесип өтүшү керек болгон Миңжылкыев көчөсүн узартып ачуу үчүн жасалып жатканын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Курулуш министрлиги