«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Бишкекте Киев көчөсүндөгү кыймыл эки айга чектелет
12.06.2026 | 10:48

Бишкекте Киев көчөсүн реконструкциялоо долбоорунун алкагында жылуулук тармактарын алмаштыруу иштери башталат. Бул иштерди «Бишкекжылуулуктарам» муниципалдык ишканасы жүргүзөт.
Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, 2026-жылдын 15-июнунан 15-августуна чейин оңдоо иштери Киев көчөсүнүн Исанов көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жүргүзүлөт. Иштер унаа жүрүүчү бөлүктү кесип өткөн жылуулук тармактарын камтыйт.
Оңдоо иштери жүрүп жаткан мезгилде көчө кесилиштери этап-этабы менен жарым-жартылай жабылат — алар ар бир тилкедеги иштердин аткарылышына жараша кезек-кезеги менен жабылып турмакчы. Ар бир кесилишти жабуунун графиги кошумча жарыяланат.
Ошондой эле, 2027-жылы Киев көчөсүнүн Бейшеналиева көчөсүнөн Исанов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө диаметри 700 мм болгон магистралдык жылуулук тармагын реконструкциялоо пландалып жатканы маалымдалды. Учурда долбоордук документтерди даярдоо иштери жүрүп жатат.
«Бишкекжылуулуктарам» МИ шаар тургундарынан жана жол кыймылынын катышуучуларынан каттамдарын алдын ала пландаштырууну жана убактылуу чектөөлөрдү эске алууну суранат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом