Илон Масктын триллиону: ал кыргыз шаурмасы менен эсептегенде канчалык көп экенин түшүндүрөбүзБензиндин баасы тоңдурулду: мамлекет ортодогу айырманы бюджеттин эсебинен төлөп беретӨзбекстандан келе жаткан 47 тоннадан ашык дарбыз артка кайтарылды«Түндүк» тиркемесинде шайлоочулар үчүн жаңы кызмат ишке кирдиАнтимонополия кызматы мамлекеттик жөнгө салуу киргизилгенден кийинки бензиндин баасы тууралуу маалымдадыСоциалдык келишимдин катышуучуларына 200 миң сомго чейин пайызсыз насыя берилет
Тогуз-Торо жана Аксы районунан 3 тоннадан ашык кара куурай өрттөлдү
10.07.2019 | 16:48
Тогуз-Торо жана Аксы районунун аймагында өскөн 3 тоннадан ашык жапайы кара куурай өрттөлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициядан билдиришти.
10-июлда өткөрүлгөн “Паутина” рейдинин алкагында Тогуз-Торо районунан 7 гектар аянттан жапайы өскөн кара куурай чабылып, 2 тоннага жакын кара куурай өрттөлгөн. Ал эми Аксы районунун аймагынан 1,5 тоннадан ашык кара куурай чабылып, өрттөө жолу менен жок кылынган.
Бул профилактикалык иш-чарага милициядан сырткары айыл өкмөттөн, элдик кошуундан, жергиликтүү тургундардан жана чек аралаш жайгашкан аймактардын чек ара кызматынын жоокерлери да катышып, жеринде АКТылар түзүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар