Баткен облусунун тургундарына жаңы томограф орнотулду

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы Жалпы дарыгерлик практика борборуна (ЖДПБ) мекеменин өздүк каражатынын эсебинен сатылып алынган компьютердик томография аппараты орнотулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон белгилешкендей, буга чейин компьютердик томограф мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизминин алкагында Кадамжай районунун Жалпы дарыгерлик практика борборуна орнотулган.

Ошол эле учурда Кызыл-Кыя шаарындагы ЖДПБдагы КТ аппараты — аймактагы мамлекеттик саламаттык сактоо уюмунун түздөн-түз өз каражатынын эсебинен сатылып алынган мындай деңгээлдеги алгачкы жабдуу болуп калды.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жаңы жабдуунун ишке берилиши калк үчүн заманбап диагностикалык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана ар кандай ооруларды өз убагында аныктоону камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Ошондой эле, Кызыл-Кыяда КТ изилдөөлөрүнөн өтүүнүн баасы жеке медициналык уюмдарга салыштырмалуу төмөн болору белгиленет. Бул жогорку технологиялык диагностиканы Баткен облусунун тургундары үчүн кыйла жеткиликтүү кылат.