Түндүк-Түштүк альтернативдүү унаа жолунун таш түшкөн тилкеси бир тараптуу ачылды

Түндүк-Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 271-чакырымына түшкөн таш көчкү толук тазаланды. Бул тууралуу бүгүн, 8-июнда, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Мекеме учурда жолдун 243-280-чакырым аралыктарында дагы таш кулаган тилкелерди тазалоо иштери улантылып жатканын билдирди. Ишке №18 Жол тейлөө ишканасынын атайын техникалары тартылган. Азыркы тапта жол бир тараптуу ачылып, унаа каттамы жанданган.
Эске салсак, 4-июнда саат 17:30 чамасында аталган жолдун 270-271-чакырымдарында болжол менен 55-60 миң куб метр көлөмдөгү ири таш көчкү жүрүп, кыймыл убактылуу токтотулган болчу.
Түндүк-Түштүк альтернативдик 1-июндан 1-ноябрга чейин убактылуу ачылган. Унаа кыймылына күндүзгү убакытта, саат 06:00дөн 20:00гө чейин гана уруксат берилет.