Сурабалдиева кайрымдуулук уюмун мектептерди курууга чакырды

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы Эльвира Сурабалдиева «Ас-Сафа» коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Ибрагим Мальсагов менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө депутат Кыргызстандын аймактарында мектептерди, медициналык мекемелерди жана башка социалдык объектилерди куруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле калктын социалдык жактан аяр катмарларына гуманитардык жардам көрсөтүү жана муктаж үй-бүлөлөрдү колдоо маселесине көңүл бурду.
Сурабалдиева уюмга өлкөдө ишке ашырылган социалдык долбоорлор жана аймактарды өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Өз кезегинде Ибрагим Мальсагов «Ас-Сафа» коомдук бирикмеси Кыргызстанда социалдык маанидеги долбоорлорду мындан ары да ишке ашырууну улантарын билдирди.