Бишкектеги фестивалда окумуштуулар космос, адам жана медицина тууралуу айтып беришетСоода-өнөр жай палатасы 10 өлкөгө жаңы өкүлдөрүн дайындадыЖети-Өгүздө муниципалдык мүлктү мыйзамсыз күрөөгө коюу фактысы аныкталдыӨзбекстандын ЖОЖдорунда акысыз окуу үчүн кыргызстандыктарга 20 орун бөлүндүКыргызстанда Telegram, Microsoft жана дагы 9 сервиске кирүүгө чектөө коюлушу мүмкүнБыйылкы окуу жылында Таластагы «Акылман» президенттик лицейи окуучуларга эшигин ачат
“100 миң сом таап келесиң”. Жалал-Абадда акча опузалоого шектүүлөр кармалды (видео)
04.03.2024 | 15:46
Жалал-Абад облусунда акча опузалоого шектелген 4 жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, быйыл 28-февралда 2 жаран 27 жаштагы тургунду Hyundai Solaris унаасына салып, “сен үйгө уурулукка киргенсиң, бизге 100 миң сом таап келесиң” деп ур-токмокко алып, акча опузалаган. Бул окуядан кийин облус тургуну милицияга арыз менен кайрылган.
Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап акча талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Милиция билдиргендей, алар эртеси күнү, 29-февралда опузалаган акчанын бир бөлүгүн – 15 миң сомду алып жатканда 33 жаштагы Ю.Ф., 30 жаштагы А.А., И.В. жана 29 жаштагы И.И. аттуу жарандарды кармаган.
Учурда тергөө амалдары уланууда.