Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
“100 миң сом таап келесиң”. Жалал-Абадда акча опузалоого шектүүлөр кармалды (видео)
04.03.2024 | 15:46
Жалал-Абад облусунда акча опузалоого шектелген 4 жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, быйыл 28-февралда 2 жаран 27 жаштагы тургунду Hyundai Solaris унаасына салып, “сен үйгө уурулукка киргенсиң, бизге 100 миң сом таап келесиң” деп ур-токмокко алып, акча опузалаган. Бул окуядан кийин облус тургуну милицияга арыз менен кайрылган.
Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап акча талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Милиция билдиргендей, алар эртеси күнү, 29-февралда опузалаган акчанын бир бөлүгүн – 15 миң сомду алып жатканда 33 жаштагы Ю.Ф., 30 жаштагы А.А., И.В. жана 29 жаштагы И.И. аттуу жарандарды кармаган.
Учурда тергөө амалдары уланууда.