Кезек күтүүсүз экология: Кыргызстанда Жаратылыш ресурстары министрлигинин кызматтарын төлөө кантип жөнөкөйлөтүлдүБааларды жөнгө салуу тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдүИсламдык каржылоону жөнөкөйлөтүү пландалууда. Жарандык кодекске өзгөртүүлөр үчүнчү окуудан өтүүдөЖеке маалыматтарды бузуу үчүн айып пулдар Цифралык кодекске шайкеш келтирилетКыргызстанда провайдерлерди колдонуучулардын маалыматтарын ачыктоого милдеттендиришет – кенен маалыматЖогорку Кеңешке Того менен инвестицияларды коргоо боюнча макулдашуу киргизилди
14-апрель: Кыргызстанда коронавирус дагы 11 адамдан табылды
14.04.2020 | 10:06
Кыргызстандын аймагында 14-апрель саат 10:00гө карата дагы 11 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
Үсөнбаевдин айтымында соңку суткада Бишкекте 8 адам, Чүй облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Алардын алтоо аял, бешөө эркек киши.
Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус илдети 430 адамга жукту. Алардын бешөө каза болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом