Соңку суткада 304 адамдан коронавирус илдети табылды. Бул тууралуу Өкмөт үйүндө өткөн брифингде Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Илдетке чалдыккандар төмөнкү аймактарда: Бишкек — 73
Ош – 19
Чүй облусу – 24
Ош облусу — 32
Талас облусу – 14
Нарын облусу – 5
Ысык-Көл облусу – 56
Жалал-Абад облусу – 39
Баткен облусу — 42.
Муну менен Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны жалпы 41 миң 373 адамга жетти.