КРда энергетикалык суусундуктардын импортун 6 айга чектөө сунушталды

Кыргызстанда энергетикалык суусундуктардын импортуна алты айга тыюу салуу сунушталууда. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтом долбоорун Экономика жана коммерция министрлиги иштеп чыкты. Документ коомдук талкууга коюлду.
Негиздеме-маалымкатта белгиленгендей, демилгенин негизги максаты — калктын, баарынан мурда балдар менен өспүрүмдөрдүн ден соолугун коргоо болуп саналат. Ведомство энергетиктердин жеткиликтүүлүгүнө, аларды колдонуунун өсүшүнө жана ден соолукка тийгизген мүмкүн болуучу терс кесепеттерине тынчсызданууда.
Токтом долбооруна ылайык, төмөнкү мүнөздөмөлөргө ээ болгон сергитүүчү энергетикалык алкоголсуз суусундуктарды ташып келүүгө алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу сунушталат:
- кофеиндин өлчөмү — литрине 150 мг-дан ашык;
- кургак заттардын массалык үлүшү — 10%дан ашык;
- таурин, L-карнитин жана глюкуронолактон сыяктуу энергетикалык зат алмашууну стимулдаштыруучу заттардын болушу.
Чектөө Кыргызстан аркылуу транзит менен өтүүчү продукцияларга колдонулбайт.
Ошондой эле тыюу салуу күчүнө киргенге чейин жөнөтүлгөн (жүктөлгөн) же акысы төлөнгөн товарлар үчүн өзгөчөлүк каралган. Аларды тастыктоочу документтери болгон шартта бир айдын ичинде өлкөгө алып кирүүгө уруксат берилет.
Мындан тышкары, Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү тастыктамасы болсо, энергетикалык болуп саналбаган сергитүүчү алкоголсуз суусундуктарга чектөө коюлбайт.
Мамлекеттик бажы кызматы менен Мамлекеттик чек ара кызматына энергетиктердин мыйзамсыз ташылып киришине бөгөт коюу чараларын көрүү тапшырылат.
Мамлекеттик салык кызматы мындай продукцияларга акциздик маркалардын берилишин, ошондой эле алардын ЕАЭБ өлкөлөрүнөн ташылып келишин көзөмөлдөөгө тийиш болот.
Убактылуу чектөөлөр киргизилгендиги тууралуу Экономика министрлиги Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына, ал эми Тышкы иштер министрлиги КМШнын Аткаруу комитетине кабарлашы керек.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2025-жылы Кыргызстанга энергетиктерди камтыган товардык топтун 274,4 миллион литр суусундугу 11,4 миллиард сомго ташылып келген. Салыштыруу үчүн айтсак, 2024-жылы импорт 7,4 миллиард сомду түзүп, 166,3 миллион литр болгон.
2026-жылдын алгачкы сегиз айында ташып келүүнүн көлөмү 211 миллион литрге жетип, болжол менен 10 миллиард сомду түздү. Негизги жеткирүүчүлөр катары Казакстан, Өзбекстан жана Орусия калууда.
Ошол эле учурда маалымкатта келтирилген статистика энергетиктерди гана эмес, 2202 товардык тобундагы башка алкоголсуз суусундуктарды, анын ичинде кант кошулган сууларды да камтыйт.
2026-жылы Бишкекте 231 жогорку класстын окуучусу жана 34 соода түйүнүнүн арасында жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, сурамжылоого катышкан мектеп окуучуларынын 22%дан ашыгы энергетикалык суусундуктарды колдонушат. Алардын дээрлик 40%ы муну жумасына үч жолудан кем эмес жасашат жана аларды үйдүн, мектептин жанынан же түз эле мектеп буфеттеринен сатып алышат.
Изилдөөгө алынган чакан кутулардагы канттын орточо (медианалык) өлчөмү болжол менен 55 граммды түзгөн.
Долбоордун авторлору ошондой эле эл аралык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын мисалга тартышат. Аларга ылайык, энергетиктерди ичүү уйкунун бузулушуна, ашыкча кыжырданууга, кан басымынын жогорулашына жана жүрөк-кан тамыр системасы үчүн тобокелдиктерге алып келет.
Иштеп чыгуучулардын пикиринде, мындай суусундуктар балдар жана өспүрүмдөр үчүн, ошондой эле гипертония, аритмия, кант диабети жана бөйрөк оорулары менен ооруган адамдар үчүн өзгөчө коркунучтуу.
Негиздеме-маалымкатта бир катар өлкөлөр энергетиктерди балдарга жана жаштарга сатууну буга чейин эле чектегени белгиленет. Тактап айтканда, Казакстанда 2025-жылдан бери аларды 21 жашка чыга электерге, Польшада — 18 жашка чейинкилерге, ал эми Норвегияда 2026-жылдан баштап — 16 жашка чейинкилерге сатууга тыюу салынган.
Анара Мамытова